Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2021-жылдын 15-марты № 61-б
Суу секторуна андан ары финансылык колдоо көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-февралындагы № 23-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пунктунун экинчи абзацы "Чарба ичиндеги сугат экинчи долбоору үчүн кошумча каржылоо" деген сөздөрдөн кийин "; 2016-жылдын 18-мартындагы Гранттык макулдашуунун (Грант №TF0A0645-KG) негизинде ишке ашырылуучу "Айыл чарбасынын өндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу" деген сөздөр менен толукталсын.
Премьер-министр | У.А.Марипов |