Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2021-жылдын 16-марты № 62-б
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине өткөрүп берилген жайлардын аянттарын реалдуу өлчөмдөрүнө шайкеш келтирүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-июлундагы № 268-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1 -пунктундагы «477» жана «339,6» деген цифралар тиешелүү турде «532,9» жана «189,2» деген цифралар менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги өз чечимдерин ушул буйрукка шайкеш келтиришсин.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | У.А.Марипов |