Загрузка документа…
|
| |
|
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2021-жылдын 26-октябрындагы № 571 тескемесине) |
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында документтер менен иштөөнүн
РЕГЛАМЕНТИ
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 59, 2022-жылдын 16-майындагы № 128, 2022-жылдын 15-сентябрындагы N 210, 2023-жылдын 15-майындагы № 150,
2023-жылдын 13-сентябрындагы № 211, 2024-жылдын 29-мартындагы № 84, 2024-жылдын 29-мартындагы № 85, 2024-жылдын 29-октябрындагы № 205, 2025-жылдын 9-апрелиндеги N 78,
2025-жылдын 16-июлундагы № 142 тескемелеринин редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында документтер менен иштөөнүн ушул регламенти (мындан ары - Регламент) Кыргыз Республикасынын Президентинин (мындан ары - Президент), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары - Министрлер Кабинети) Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын (мындан ары - Президенттин Администрациясы) ишин документтик камсыз кылуунун талаптарын жана документтер менен иштөөнүн тартибин белгилейт.
2. Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүндө (мындан ары - түзүмдүк бөлүмдөр) документтер менен иштөөнүн уюштурулушу жана абалы, тапшырмалардын өз убагында жана талаптагыдай аткарылышы, материалдардын сапаттуу даярдалышы, ошондой эле документтердин эсепке алынышы жана сакталышы үчүн жоопкерчилик түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерине жүктөлөт.
3. Мамлекеттик бийлик органдары, башка мамлекеттик органдар, мекемелер жана уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жарандар менен кат алышуу мамлекеттик жана расмий тилдерде жүргүзүлөт.
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Президенттин жарлыктарынын жана тескемелеринин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын актыларынын жана башка документтердин көчүрмөлөрүн Кыргыз Республикасынын же башка өлкөнүн башка органдарына, уюмдарына, башка адамдарга канцеляриянын начальнигинин жазуу жүзүндөгү макулдугусуз жана тиешелүү тариздөөсүз берүүгө катуу тыюу салынат.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2024-жылдын 29-мартындагы N 84, 2025-жылдын 9-апрелиндеги N 78 тескемелеринин редакцияларына ылайык)
4-1. Мыйзамдардын, Президенттин актыларынын, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын актыларынын долбоорлорун даярдоодо мессенджерлерди пайдалануу менен кызматтык мүнөздөгү маселелерди талкуулоого тыюу салынат.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2022-жылдын 16-майындагы № 128, 2025-жылдын 9-апрелиндеги N 78 тескемелеринин редакцияларына ылайык)
2. Документтер менен иштөөнүн тартиби
5. Жашыруун эмес мүнөздөгү жана "Кызматтык пайдалануу үчүн" грифи бар кызматтык документтер (кирүүчү, чыгуучу, ички корреспонденция) алар түшкөн күнү иш кагаздарын жүргүзүү маселелерин караган канцеляриянын түзүмдүк бөлүмүндө документтердин аткарылышын контролдоонун автоматтык системасы (мындан ары - АСКИД) же электрондук документ жүгүртүү системасы (мындан ары - ЭДЖС) аркылуу милдеттүү каттоодон өтүүгө тийиш.
"Кызматтык пайдалануу үчүн" грифи бар корреспонденция менен иштөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 255 токтому менен бекитилген Кызматтык пайдалануу үчүн маалыматты камтыган документтер менен иштөөнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык жүргүзүлөт.
"Купуя" жана "Жашыруун" грифтери менен корреспонденция Президенттин жана Министрлер Кабинетинин биринчи сектору тарабынан иштетилет.
Президентке, Министрлер Кабинетине, Министрлер Кабинетинин Төрагасына, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларына, Президенттин Администрациясына даректелген жарандардын кайрылуулары келип түшкөн күнү иш кагаздарын жүргүзүү маселелерин караган канцеляриянын түзүмдүк бөлүмүндө катталууга тийиш.
Жеке кабыл алуу жөнүндө өтүнүчтү камтыган бланкта таризделген же уюмдун мөөрү менен берилген кайрылуулар иш кагаздарын жүргүзүү маселелерин караган канцеляриянын түзүмдүк бөлүмүндө келип түшкөн күнү катталат жана ошол эле катталган күнү андан ары иштеп чыгуу үчүн жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча түзүмдүк бөлүмгө берилет.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2024-жылдын 29-мартындагы N 84 тескемесинин редакциясына ылайык)