Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 444-т тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 12-январы № 2-т
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-декабрындагы № 662-т, 2023-жылдын 28-августундагы № 509-т тескемелериинин редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 17-декабрындагы № 64 "Кыргыз Республикасыныи мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө", 2021-жылдын 8-февралындагы № 27 "Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө", 2021-жылдын 8-февралындагы № 23 "Кыргыз Республикасында саламаттык сактоо чөйрөсүн өнүктүрүү жана калкынын жашоосунун жана саламаттыгынын сапатын жакшыртуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндо", 2021-жылдын 8-февралындагы № 25 "Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыктарын ишке ашыруу максатында, "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жонүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2022-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында башкарууну санариптештирүү жана санариптик инфратүзүмдү өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча);
- Иш-чаралар планын белгиленген мөөнөттө кынтыксыз аткаруу боюнча толук чараларды көрсүн;
- квартал сайын отчеттук мезгилдин үчүнчү айынын 25инен кечиктирбестен Иш-чаралар планын аткаруу жөнүндө маалыматты жалпылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине берип турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-февралындагы № 20-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-июлундагы № 245-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-мартындагы № 69-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-октябрындагы № 347-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-декабрындагы № 405-б буйругу;