Загрузка документа…
|
| |
|
| 2-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-сентябрындагы № 511-т тескемесине) |
"Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун аэропортторунун расмий делегациялар залдарында көрсөтүлүүчү кызматтар үчүн акы төлөө боюнча НУСКАМА
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-январындагы № 10-т, 2023-жылдын 29-майындагы № 284-т, 2023-жылдын 19-сентябрындагы № 546-т, 2025-жылдын 21-августундагы № 725-т, 2026-жылдын 13-марты № 160-т , 2026-жылдын 22-апрелиндеги № 280-т тескемелеринин редакцияларына ылайык)
"Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун аэропортторунун расмий делегациялар залдарында тейленүүгө тийиш болгон кызмат орундарынын жана адамдардын тизмесине (мындан ары - Тизме) ылайык акы төлөөнүн төмөнкүдөй тартиби белгиленсин:
1. Кыргыз Республикасынын Президенти;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагалары, алардын орун басарлары;
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялары;
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-августундагы № 725-т тескемесине ылайык күчүн жоготту)
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарлары;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары;
Алардын үй-бүлө мүчөлөрү (жубайы жана балдары);
Кызмат адамдарын коштоп жүргөн Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматынын кызматкерлери;
акысыз тейленет.
2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-августундагы № 725-т тескемесине ылайык абзац күчүн жоготту)
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары;
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору;
Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин атайын өкүлдөрү;
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени);
Кыргыз Республикасынын министрлери, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын мүчөлөрү (Министрлер);
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппараттарынын жетекчилери, алардын орун басарлары;
(Абзац КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-январындагы № 10-т тескемесинин редакциясына ылайык күчүн жоготту)
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктери;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Кыргыз Республикасынын Президентинин протокол кызматынын кызматкерлери;
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын жетекчисинин орун басарлары;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери;
Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин кеңешчилери, жардамчылары жана өкүлдөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы менен макулдашуу боюнча коомдук башталышта кеңешчилери;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарынын жана орун басарларынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысынын кеңешчилери, жардамчылары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү;
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы жана төраганын орун басарлары;
Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери;
«Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду» ачык акционердик коомунун башкы директору жана анын орун басары;
Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Башкармасынын Азербайжан Республикасы тарабынан тең төрагасы;
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматтарынын төрагалары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызматтардын төрагалары;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик агенттиктердин директорлору;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу фонддордун төрагалары;
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу комиссиялардын төрагалары, агенттиктердин директорлору;
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгынын жетекчиси жана анын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ырайым кылуу маселелери боюнча комиссиянын жооптуу катчысы;
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын жооптуу катчысы;
Россия Федерациясынын бажы кызматынын Кыргыз Республикасынын бажы кызматындагы өкүлү;