Редакцияот 03.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2023-жылдын 3-марты № 88-т

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-сентябрындагы № 511-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган тескеме менен бекитилген "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун аэропортторунун расмий делегациялар залдарында тейленүүгө тийиш болгон кызмат орундарынын жана адамдардын тизмеси төмөнкүдөй мазмундагы 50-1-пункт менен толукталсын:

"50-1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аппаратынын жетекчиси.".

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.Жапаров