Загрузка документа…
|
| 13-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2023-жылдын 31-мартындагы № 116 тескемесине) |
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын канцеляриясы жөнүндө жобо
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2023-жылдын 26-майындагы № 160 , 2024-жылдын 24-январындагы № 26 тескемелеринин редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын канцеляриясы (мындан ары - канцелярия) канцеляриянын милдеттерине жана функцияларына тиешелүү маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин (мындан ары - Президент), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары - Министрлер Кабинети), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин (мындан ары - Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын (мындан ары - Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары) ишин камсыз кылуучу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын (мындан ары - Президенттин Администрациясы) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2024-жылдын 24-январындагы № 26 тескемесинин редакциясына ылайык)
2. Канцелярия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Президенттин актыларын, Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелерин (Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелерин), Президенттин Администрациясы жөнүндө жобону, Министрлер Кабинетинин регламентин, Президенттин Администрациясынын регламентин, Президенттин Администрациясында документтер менен иштөөнүн регламентин, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Канцеляриянын курамына төмөнкүлөр кирет:
1) иш кагаздарын жүргүзүү сектору;
2) регламент жана жыйналыштарды (кеңешмелерди) уюштуруу сектору;
3) редакциялоо жана которуу сектору.
Жогоруда көрсөтүлгөн секторлор канцеляриянын курамындагы түзүмдүк бөлүмдөр болуп саналат.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2024-жылдын 24-январындагы № 26 тескемесинин редакциясына ылайык)
4. Канцелярияда төмөнкүлөр үчүн колдонулуучу мөөрлөр жана штамптар бар:
- Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын дарегине келип түшкөн корреспонденцияны (жарандардын кайрылууларын кошуп алганда) каттоо;
- кызматтык күбөлүктөр, мамлекеттик сыйлыктар, Президенттин атынан ыраазычылык билдирүүлөр, Министрлер Кабинетинин Ардак грамоталары, Министрлер Кабинетинин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин ыраазычылыктары жана мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жана алардын орун басарларынын кол тамгаларын күбөлөндүрүү;
- Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин чечимдеринин, ошондой эле канцеляриянын сактоосунда турган башка документтердин көчүрмөлөрүн күбөлөндүрүү.
5. Канцеляриянын кызматкерлери: