Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 28-майы №179
«Оштогу көрктөндүрүү жана
жашылдандыруу чарба комбинаты»
муниципалдык ишканасынын
шаарды көрктөндүрүү жана
жашылдандыруу багытында
аткарып жаткан иштери жөнүндө
маалыматын угуу
Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылга бекитилген иш-планына ылайык, «Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты» муниципалдык ишканасынын шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу багытында аткарып жаткан иштери жөнүндө жогоруда аталган ишкананын башчысы А.Наватованын маалыматын угуп жана талкуулап, өнөр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2014-жылдын 19-майындагы отурумунун № 3-токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө айтылган депутаттардын ой-пикирлерин, сунуштарын эске алуу менен Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты» муниципалдык ишканасынын шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу багытында аткарып жаткан иштери жөнүндө жогоруда аталган ишкананын башчысы А.Наватованын маалыматы эске алынсын.
2. «Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты» муниципалдык ишканасына (А.Наватова):
- шаардын көчөлөрүн тазалоо жумуштарынын убакыт графигин Ош шаардык мэрия менен биргеликте карап чыгуу;
- атайын каражаттарды көбөйтүү максатында гүл дүкөндөрүн толук кандуу иштетүү;
- сейил бактарда жана башка жерлерде эгилген гүлдөрдүн жана көчөттөрдүн кароосун жакшыртуу;
- питомниктердин, күнөсканалардын абалын жакшыртуу жана аларды тез аранын ичинде Ош шаардык мэриясы менен биргеликте, Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан каттоодон өткөрүү;
- борбордук көчөлөрдөн башка көчөлөргө дагы көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана ирригациялык системаны оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүсү милдеттендирилсин.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин өнөр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Сыдыков) жүктөлсүн.
Ош шаардык кенешинин төрагасы: |
У.Примов |