Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 28-майы №180
Мамлекеттик салык кызматынын
Ош шаары боюнча башкармалыгынын
Ош шаарынын 2014-жылдагы
бюджетинин киреше бөлүгүнүн
аткарылуусун камсыздоо боюнча
жүргүзүп жаткан иштери
жөнүндө
Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылга кабыл алган иш-планына ылайык Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын Ош шаарынын 2014-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылуусун камсыздоо боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө маселени карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2014-жылдын 20-майындагы №14-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой пикирлерин эске алуу менен Ош шаардык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы И. Иманбетовдун аталган башкармалык тарабынан Ош шаарынын 2014-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылуусун камсыздоо боюнча жүргүзүп жаткан иштери боюнча маалыматы эске алынсын.
2. Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгы тарабынан 2014-жылдын 4 айынын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттин план тапшырмасын толук көлөмдө аткарылбагандыгы белгиленсин жана кетирилген кемчиликтерди эске алып, 2014-жылдын алты, тогуз айларынын жана жылдын жыйынтыгы менен план-тапшырманы ашыгы менен аткаруу боюнча:
-2-4-топтогу мүлк обьектеринен алынуучу мүлк, короо жай жана багбанчылык жер участокторун, айыл чарба багытында эмес жерлерди пайдалангандыгы үчүн салыктары жана автоунаа токтоочу жайлардан алынуучу жыйымдардын план тапшырмасын толук көлөмдө аткаруу боюнча жергиликтүү бюджеттин эсебинен кармалуучу 30 штаттык бирдикти толук көлөмдө мобилизациялап калктуу конуштарда аталган салык түрүн жыйноо боюнча аймактык Кеңештер менен биргеликте рейдерди уюштуруу жана бул салык түрүн төлөөчүлөрдүн толук базасын түзүү;
-жылдан жылга өтүп, өз мөөнөтүндө төлөнбөй келе жаткан карыздарды өндүрүү боюнча чечкиндүү иш-аракеттерди жүргүзүү;
-каттоодон өтпөгөн салык төлөөчүлөр жана чарбалык субьекттерди каттоодон өткөрүү боюнча иш-чараларды аткаруу;
-4-топтогу мүлк обьектери үчүн салыктын түрүн толук көлөмдө түшүүсүн камсыздоо максатында Ош шаардык жол коопсуздук кызматы менен биргеликте рейддерди уюштуруу;
-ыктыярдуу жана милдетүү патенттин негизиндеги салык түрүн төлөөчү ишкерлердин санын тактап, жергиликтүү бюджеттин ички мүмкүнчүлүгүн артыруу;
-Ош шаарынын 2014-жылга кабыл алынган бюджетин толук көлөмдө ашыкча аткарылуусун камсыздоодо салык жана салык эмес жыйымдардын бардык түрлөрүнүн ички резервин аныктап, бул боюнча салык кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин аткарууда жоопкерчилигин күчөтүү, ошондой эле аталган токтомдун аткарылуусу боюнча маалыматты 2014-жылдын 6 айынын жана 9 айынын жыйынтыгынын негизинде Ош шаардык Кеңешине жазуу түрүндө берүүсү милдеттендирилсин.
3. Жогорудагы коюлган милдеттердин аткарылуусу 2014-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен Ош шаардык Кеңешинин сессиясында каралсын.
4. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б.Эргешов) жүктөлсүн.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы: |
У.Примов |