Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 28-майы №182
Ош шаарындагы аксакалдар
сотторунун аткарып жаткан
иштери жөнүндө
Аксакалдар сотторунун координациялык Кеңешинин төрагасы Ш.Умарбековдун аксакалдар сотторунун аткарып жаткан иштери жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган ой-пикирлерди, сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аксакалдар сотторунун координациялык Кеңешинин төрагасы Ш.Умарбековдун аймактык Кеңештердеги аксакалдар сотторунун аткарып жаткан иштери жөнүндөгү маалыматы эске алынсын.
2. Ош шаарынын мэриясына (А.Кадырбаев):
- аймактык Кеңештерди жана аксакалдар сотторун имараттар менен камсыз кылуу маселесин чечүү;
- аксакалдар сотторуна ай сайын төлөнүүчү сый акыларды (премия) жогорулатуу маселесин карап чыгуу;
- аксакалдар сотторунун иштөөсүнө керектүү шарттарды түзүү жагы милдеттендирилсин.
3. Аксакалдар сотторуна өздөрүнүн аткарып жаткан иштери жөнүндө ай сайын Ош шаардык Кеңешине жана массалык маалымат каражаттары аркылуу калкка маалымат жеткирип туруу тапшырылсын.
4. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын(М.Сапаралиев) жана массалык маалымат каражаттарына (К.Жамалов) жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыштар, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Ош шаардык Кеңешинин төрагасы: |
У.Примов |