Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 28-майы №183
Ош шаарын жаратылыш газы
менен камсыз кылуу маселесин
чечүү боюнча Кыргыз
Республикасынын Жогорку
Кеңешине жана Өкмөтүнө
кайрылуу жөнүндө
Ош шаарынын аймагында жаратылыш газын берүү токтотулгандыгынан келип чыккан көйгөйлүү маселелер боюнча шаардык Кеңештин депутаттык фракцияларынын башчыларынын көчмө отурумунун жыйынтыгын, Ош газ чарба башкармалыгынын башчысы М.Аматовдун маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин, сунуштарын эске алуу менен, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарын жаратылыш газы менен камсыз кылуу маселесин чечүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жана Өкмөтүнө Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын кайрылуусу жөнөтүлсүн.
2.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси С.Маматалиевага жүктөлсүн.
Ош шаардык Кенешинин төрагасы: |
У.Примов |