Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 28-майы №184
Шаарда санитардык-эпидемиялык
абалды көзөмөлдөө боюнча Ош
шаарынын оорулардын алдын алуу
жана мамлекеттик санитардык-
эпидемиологиялык көзөмөлдөө
борборунун аткарып жаткан иштери
жөнүндө
Ош шаарынын оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык- эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери У.Каратаеванын шаарда санитардык-эпидемиялык абалды көзөмөлдөө боюнча Ош шаарынын оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык- эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун аткарып жаткан иштери жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык- эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери У.Каратаеванын шаарда санитардык-эпидемиялык абалды көзөмөлдөө боюнча Ош шаарынын оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык- эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун аткарып жаткан иштери жөнүндө маалыматы эске алынсын.
2. Ош шаарынын оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык- эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна башкы дарыгери У.Каратаевага борбордун ишинде орун алган кемчиликтерди жоюу боюнча чараларды көрүү;
- шаарда санитардык-эпидемиологиялык абалды жакшыртуу боюнча тиешелүү мыйзамдардын талаптарын так аткарууну камсыз кылуу;
- шаардын кыш заводунун каршысындагы менчик автоунаа базарынын ичинде орун алган таштандылар топтолгон жайды жабуу боюнча мыйзам чегинде тиешелүү чараларды көрүү милдеттендирилсин.
3. Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы К.Кимсановго шаардагы балдар бакчаларына сүттү жана башка тамак аш азыктарын борбордоштуруп бир жерден алып, сапатын текшергенден кийин таркатуу маселесин карап чыгуу;
- мектептердеги 1-4-класстардын окуучуларын тамактандыруу үчүн бөлүнгөн акча каражаттарынын максаттуу пайдаланылышына жана тамак-аштын сапатына, мектеп жетекчилеринин тамак-аш азыктары менен камсыздоочу жактардан энчи талап кылуусуна катуу көзөмөл жүргүзүү тапшырылсын.
4. Ош шаардык мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясынын башчысы К.Исаковго шаардагы балдар бакчаларында балдарга берилүүчү сүттүн жана жашылча-жемиштердин сапатын такай көзөмөлдөөнү камсыз кылуу тапшырылсын.
5. Ош шаарынын саламаттыкты сактоо тармагынын координатору А.Шамшиевге Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигине Ош шаардык ден соолукту чыңдоо борборун ачуу маселесин киргизүү сунушталсын.
6. Ош шаардык мэриясына (А.Кадырбаев) жана шаардык Кеңештин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б.Эргешов) атылган жолбун иттерди ташуу үчүн «Тазалык» муниципалдык ишканасына автоунаа алууга акча каражатын бөлүп берүү маселесин карап чыгуу милдеттендирилсин.
7. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн (М.Сапаралиев) жана шаардык массалык маалымдоо каражаттарында басылып чыксын (К.Жамалов).
8.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Г.Эсенбаева) жүктөлсүн.
Ош шаардык Кенешинин төрагасы: |
У.Примов |