Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 28-майы №185
Ош шаарындагы медреселердин
иш аракеттери жана дин
маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы К.Узаковдун Ош шаарындагы медреселердин иш аракеттери жана дин маселелери жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө айтылган депутаттардын ой-пикирлерин эске алып,Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы К.Узаковдун Ош шаарындагы медреселердин иш аракеттери жана дин маселелери жөнүндө маалыматы эске алынсын.
2. Ош шаардык мэриясына(А.Кадырбаев):
-Ош шаарындагы диний уюмдардын ишмердүүлүктөрүн Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” мыйзамына ылайык иликтеп чыгуу максатында курамына (макулдашуу жолу менен) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк бөлүмүнүн Ош шаары боюнча куратору, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмүнүн өкүлү жана Ош шаардык казыятынын өкүлү кирген комиссия түзүү;
- комиссия менен биргеликте Ош шаарындагы ишмердүүлүгүн мыйзамсыз жүргүзүп жаткан диний уюмдарды иликтеп, мыйзам чегинде тиешелүү чара көрүү жана Ош шаарынын аймагындагы христиан багытындагы диний уюмдардын ишмердүүлүгүн мыйзам чегинде текшерип, 3 айлык мөөнөттө Ош шаардык Кеңешине отчет берүү;
-Ош шаардык казыяты менен биргеликтединий экстремизмдин алдын алуу максатында түшүндүрүү иштерин алып баруу үчүн элдик чогулуштарды өткөрүү жана аларга шарт түзүп берүү милдеттендирилсин.
3. “Ыйык Сулайман Тоо” коомдук фондуна (Р.Алибаев) коомдук фонддун жана медресенин аталыштарын өзгөртүү сунушталсын.
4. Ош шаардык билим берүү башкармалыгына (К.Кимсанов) Ош шаардык казыяты менен биргеликте билим берүү мекемелеринде ”Кыздарды турмушка даярдоо”, “Ашыкча ырым-жырымдарды жоюу” темаларында лекцияларды өткөрүү сунушталсын.
5.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Р.Мирзаматов) жүктөлсүн.
Ош шаардык Кеңешинин төрагасы: |
У.Примов |