Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 28-майы №186
Кыргыз Республикасынын
өзгөчө кырдаалдар
министрлигинин Ош шаардык
башкармалыгынын өзгөчө
кырдаалдардын алдын алуу
боюнча жүргүзүп жаткан
иштери жөнүндө
Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылга бекитилген иш планына ылайык Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгынын өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө башкармалыктын башчысы Н.Баймуратовдун маалыматын угуп жана Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгынын 2014-жыл 12-мартындагы кайрылуу катын карап талкуулап чыгып, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2014-жылдын 13-мартындагы отурумунун №3-токтомун ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгынын башчысы Н.Баймуратовдун өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндөгү маалыматы эске алынсын.
2. Ош шаарынын мэриясына (А.Кадырбаев);
-Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгынын “Куткаруу кызматына” кошумча бир куткаруу тайпасын ачуу;
-Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгынын кыска 3 сандуу (166) номери мэрияга өткөрүлүп берилгендигине байланыштуу, аталган номердин ордуна башка 3 сандуу кыска номерин ачып берүү милдеттендирилсин.
3. Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгына (Н.Баймуратов);
-Ош шаарына караштуу дача участокторундагы сел келүүчү кооптуу жерлеринде селдин алдын алуу боюнча тиешелүү иш чараларды жүргүзүү;
-Ош шаарындагы Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин имаратынын оң жагындагы Моминова көчөсүндө орнотулган суу өткөрүүчү түтүктү алмаштыруу милдеттендирилсин.
4. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К. Пазилов) жүктөлсүн.
Ош шаардык Кеңешинин төрагасы: |
У.Примов |