Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 28-майы №190
Депутаттардын Ош шаардык
Кеңешинин 2013-жылдын
28-мартындагы №98-Ош
шаарынын «Ак-Тилек» кичи
районундагы жаңы курулган
аллеяга ат коюу жөнүндөгү
токтомуна өзгөртүү киргизүү
жөнүндө
Ж.Мамытовдун туугандары жана айылдаштарынын Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районунда жайгашкан «Чыгармачыл адамдардын Жолон Мамытов атындагы аллеясын», «Жолон Мамытов» атындагы эс алуу багы деп атоо жөнүндөгү сураныч катын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык, өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2014-жылдын 17-майындагы отурумунун №10-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2013-жылдын 28-мартындагы №98-Ош шаарынын «Ак-Тилек» кичи районундагы жаңы курулган аллеяга ат коюу жөнүндөгү токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө маселе Ош шаардык Кеңешинин кийинки сессиясынын кароосуна калтырылсын.
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К. Пазилов) жүктөлсүн.
Ош шаардык Кеңешинин төрагасы: |
У.Примов |