Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 28-майы №193
Ош шаарынын мэриясы жана Европалык
өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы
(ЕБРР) биргеликте иштеп чыккан Ош
шаарындагы коомдук транспорттун абалын
жакшыртуу долбооруна макулдук берүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2014-жылдын 7-майындагы № 129-08-6- Ош шаарынын мэриясы жана Европалык өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы (ЕБРР) биргеликте иштеп чыккан, Ош шаарындагы коомдук транспорттун абалын жакшыртуу долбооруна макулдук берүү жөнүндөгү катын карап, Ош шаарынын мэриясынын шаардык чарба жана транспорт бөлүмүнүн башчысы У.Рамановдун маалыматын угуп, жана талкуулап, өнөр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2014-жылдын 19-майындагы отурумунун № 4-токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө айтылган депутаттардын ой-пикирлерин, сунуштарын эске алуу менен Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын мэриясы жана Европалык өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы (ЕБРР) биргеликте иштеп чыккан Ош шаарындагы коомдук транспорттун абалын жакшыртуу долбооруна макулдук берилсин.
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин өнөр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Сыдыков) жүктөлсүн.
Ош шаардык Кенешинин төрагасы: |
У.Примов |