Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 28-майы №194
Депутаттардын Ош шаардык
Кеңешинин 2014-жылдын
5-февралындагы XV сессиясында
кабыл алынган №152-токтомуна
өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Ош шаардык А.Суйумбаев атындагы стадиондун 2014-жылдын 8-майындагы №44- жергиликтүү бюджеттин эсебинен алынган 1240,0 миң сом акча каражатын төлөө мөөнөтүн 2014-жылдын 31-декабрына чейин узартууга макулдук берүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап чыгып, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2014-жылдын 20-майындагы №14-токтомун ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 5-февралындагы кезексиз XV сессиясында кабыл алынган А.Суйумбаев атындагы Ош шаардык стадиондун 2013-жылда жергиликтүү бюджеттен ссуда түрүндө алган 1240,0 миң сом акча каражатын төлөө мөөнөтүн узартуу жөнүндөгү токтомунун 1-пунктундагы 1-май айына деген сөз 31-декабрына деген сөз менен өзгөртүлүп, төмөндөгүдөй редакцияда окулсун:
А.Суйумбаев атындагы Ош шаардык стадиондун 2013-жылда жергиликтүү бюджеттен ссуда түрүндө алган 1240,0 миң сом акча каражатын төлөө мөөнөтүн 2014-жылдын 31-декабрына чейин узартууга макулдук берилсин.
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б.Эргешов) жүктөлсүн.
Ош шаардык Кеңешинин төрагасы: |
У.Примов |