Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 28-майы №195
«Бишкек жана Ош шаарларынын
бюджеттик процесстеринин ачык-
айкындуулугунун жана отчеттуулугунун
деңгээлин жогорулатуу» долбоорунун
ишке ашырылуусун колдоого алуу
жөнүндө
«Интербилим Эл аралык борбору» коомдук бирикмесинин Оштогу филиалынын 2014-жылдын 26-майындагы №29-«Интербилим Эл аралык борбору» коомдук бирикмесинин Оштогу филиалы менен Саясат жана өнүгүү институту биргеликте демилгелеп жаткан «Бишкек жана Ош шаарларынын бюджеттик процесстеринин ачык-айкындуулугунун жана отчеттуулугунун деңгээлин жогорулатуу» долбоорун Ош шаардык Кеңешинин депутаттары менен макулдашуу жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой- пикирлерин эске алуу менен, Ош шаардык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Бишкек жана Ош шаарларынын бюджеттик процесстеринин ачык-айкындуулугунун жана отчеттуулугунун деңгээлин жогорулатуу» долбоорунун ишке ашырылуусу колдоого алынсын.
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б.Эргешов) жүктөлсүн.
Ош шаардык Кеңешинин төрагасы: |
У.Примов |