Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 27-февралы №78
Самаркандек айыл окмотунун 2013-жылга кабыл алынган бюджетинин аткарылышы, 2014-жылга бюджетин бекитүү жана 2015-2016-жылдарга айыл окмотунун бюджетинин болжолу жөнүндө.
Самаркандек айылдык Кеңеши, Самаркандек айыл окмоту тарабынан иштелип чыгып, сунуш кылынган Самаркандек айыл окмотунун 2014-жылга бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндөгү айыл окмотунун финансы экономика-бөлүмүнүн башчысы У. Ысманованын билдирүүсүн жана Самаркандек айылдык Кеңешинин финансы жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын, коомдук угуулардын жыйынынын сунуштарын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктардын негизги принциптери жөнүндөгү” жергиликтүү өз алдынча башкаруунун каржы экономикалык негиздери жөнүндөгү мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Кыргыз Республикасынын 2014-жылга бюджети жана 2015-2016-жылдарга бюджетинин болжолу жөнүндөгү токтомуна ылайык түзүлгөндүгүн белгилейт. Жогоркулардын негизинде Самаркандек айылдык Кенешинин III чакырылышынын XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2013-жылга кабыл алынган айыл окмотунун бюджетине жыл ичиндеги өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен кошумча жалпы жыл ичиндеги бюджет 32006,9 миң сом каржыланып жыл ичинде киреше жана чыгаша 31261,2 миң сом менен аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Айыл окмотунун 2014-жылга бюджетинин кирешеси жана чыгашасы 11096,2 мин сом суммасында №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Айыл окмотунун бюджетинин долбоорунун киреше жана чыгаша бөлүгү 2015-жылга 11890,9 мин сомго, 2016-жылга 12583,1 мин сомго №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4.Атайын эсепке киреше жана чыгаша бөлүгүнөн түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Ушул токтомдун козомолдоо жагы туруктуу комиссиясына жана финансы экономика болумунун башчысы У.Ысмановага тапшырылсын.
Самаркандек айылдык Кенешинин торагасы: |
Н.Орозов |