Редакцияот 29.03.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги

XVIII- сессиясы  (төртүнчү чакырылыштагы )

2014-жылы 29-марты №9

«Жаш мугалимдерге жөлөк пул төлөп

берүү маселеси жөнүндө»

Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Камчыбековдун Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн 2014-жылга карата бюджети жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап Отуз-Адыр айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөтүнүн 2014-жылга карата бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн эсебинен 40,0 миң сом акча каражаты жаш мугалимдерге жөлөк пул төлөп берүү үчүн бөлүнүп берилсин.

2. Жогорудагы токтомду мыйзамдык негизде ишке ашыруу максатында,айылдык аймактагы мектептерде 2-адам айылдык кеңештин депутаттарынан,1-адам профсоюз уюмунан,1-адам айыл өкмөтүнүн ФЭБинен,1-адам мектептин директорунан турган комиссиянын курамы түзүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө тапшырылсын. (Базибай уулу Асанбек)

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.(Э.Ташматов).

 

Отуз-Адыр айылдык

Кеңешинин төрагасы:

 

Базарбаев С.