Редакцияот 29.03.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги

XVIII- сессиясы (төртүнчү чакырылыштагы)

2014-жылы 29-марты №12

Отуз-адыр айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн

муниципалдык менчигинде турган имараттарды,

курулуш объектилерин,жер аянттарын,бак-дарактар

өскөн жерлерди жана башка менчиктин түрлөрүн

мамлекеттик каттоодон өткөрүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жер фондун инвентаризациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 03-мартындагы №114 токтомун аткаруу максатында жана айыл өкмөттүн муниципалдык менчигинде турган имараттарды,курулуш объектилерин,жер аянттарын,бак-дарак өскөн жерлерди жанабашка менчиктин түрлөрүн мамлекеттик каттоодон өткөрүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн жер,турак жай,комуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси Төрөмурзаев Тариелдин билдирүүсүн кеңири талкууга алып депутаттардын Отуз-Адыр айылдык кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Отуз-Адыр айылдык аймагнын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган имараттары,курулуш объектилери,жер аянттары,бак-дарак эгилген жерлери жана башка менчиктин түрлөрүн мамлекеттик каттодон өткөрүү жагы Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 31-беренесинин негизинде Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө милдетдирилсин.

2. Ушул токтомду аткаруу жана тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн жер,турак-жай комуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси Т.Төрөмурзаевге жүктөлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Отуз-адыр айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (С.Атамбиев) жүктөлсүн.

 

Депутаттардын Отуз-Адыр айылдык

Кеңешинин төрагасы:

 

Базарбаев С.