Редакцияот 06.11.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Көк-Жар айылдык кеңешинин бешинчи

чакырылышынын кезексиз онунчу сессиясы

2013-жылы 6-ноябры №10-1

«Абшыр-Таңы» СПАсына

кепилдик беруу жонундо.

«Абшыр-Таңы» СПАсына «Экинчи ички чарбалык сугат» долбоорунун эсебинен техникалык кредит- эксковатор алууга макулдук берүү жана анын баасын кайтарып беруугө кепилдик берүү жөнүндөгү маселелерди угуп жана талкуулап депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин алдында «Абшыр-Таңы» СПАсы ала турган техникалык насыянын 50 пайыздык наркын төлөө, тиркелген келишимдин негизинде кепилдик,  Көк-Жар айыл өкмөтүнө ыйгарылсын.

2. «Абшыр-Таны» СПАсы озунун карызын (техниканын баасынын 50%) же анын бөлүгүн төлөй албаган учурда, Көк-Жар айыл өкмөтүнө бул максаттар учун карызды жергиликтүү бюджеттин жылдык кирешесинин  эсебинен 20 пайызга чейинки кирешесин ар жыл сайын карыз толук жоюлганга чейин төлөп туруу  жагы тапшырылсын.

3. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Козуевге  кайтаруу келишимине кол коюу ыйгарым укугу берилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагалары О.Исаковго жана М.Абдулазизовдорго милдеттендирилсин.

 

Кок-Жар айылдык кенешинин

Торагасынын орун басары:

 

М.Амиракулова