Редакцияот 26.12.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги

XVII – сессиясы (4-чакырылыштагы)

2013-жылы 26-декаьры №1

«2013-жылдын IV-кварталына карата балдар

 бакчаларына тамак-аш алууга каралган атайын

 каражат эсебинин чыгаша бөлүгүн кошумча

каржылоо жөнүндө».

2013-жылдын IV-кварталына балдар бакчаларына тамак-аш алууга каралган атайын каражат эсебинин киреше бөлүгү 64,049 миң сомго ашыкча аткарылгандыгына байланыштуу Отуз-Адыр айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Балдар бакчаларына тамак-аш алууга каралган атайын каражат эсебинин киреше бөлүгү 64,049 миң сомго ашыкча аткарылгандыгы белгиленсин жана жогорудагы сумма бекитилсин.

2. Балдар бакчаларына тамак-аш алууга каралган атайын каражат эсебинин чыгаша бөлүгүн каржылоо үчүн жогорудагы 64,049 миң сом бөлүнүп берилсин.

3. Бул токтом ата-энелер  конференциясынын чечими кабыл алынган күндөн 2013-жылдын 25-сентябрынан күчүнө кирсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө тапшырылсын (Базибай уулу А).

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын (Э. Ташматов).

 

Отуз-Адыр айылдык

Кеңешинин төрагасы:

 

Б.Жээнбекова