Редакцияот 26.05.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

Өзгөн шаардык Кеңешинин (Vчакырылышынын) кезектеги XIII сессиясынын отурумунун

2014-жылы 26-майы №13/1

««Өзгөн тазалык» муниципалдык ишканасынын 2013-жылы шаардын тазалыгын камсыз кылууда жана көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштерин жакшыртууда жүргүзгөн иштери жөнүндө»

Өзгөн шаардык Кеңешинин (V чакырылышынын) кезектеги XIII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. «Өзгөн-Тазалык» муниципалдык ишканасынын 2013-жылы шаардын тазалыгын камсыз кылууда, көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштерин жакшыртуу боюнча жүргүзгөн иштери канаттандыраарлык эмес деп табылсын.

2.  Өзгөн шаарынын мэри Н. Каримовко:

- «Өзгөн Тазалык»  муниципалдык ишканасынын  башкаруу системасын реформалоону тез арада аягына чыгаруу;

- ишкананын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу багытында  иштиктүү чараларды көрүү жана эсепте турган турган техникаларды эффективдүү пайдалануу боюнча атайын   иш-план иштеп чыгып шаардык Кеңешке сунуштоо жагы милдеттендирилсин.

3.  «Өзгөн тазалык» муниципалдык ишканасынын директорунун милдетин аткаруучу Н.Юлдашевге:

- текшерүүнүн жүрүшүндө белгиленген кемчиликтерди жоюу боюнча иш-чара иштеп чыгып, анын аткарылышы боюнча 2014-жылдын 15-июнуна карата   шаардык Кеңешке маалымат берүү жагы;

- чарбалык эсеп менен иш жүргүзүүнү тез арада өздөштүрүү жана ишкананы рентабелдүү ишканалардын катарына кошуу боюнча конкреттүү чараларды көрүү;

- шаардагы ар бир кожолук менен келишим түзүүнү 2014-жылдын 1-сентябрына карата аягына чыгаруу;

- кызматкерлердин аткаруучулук тартибин, иштин натыйжалуулугун камсыздоодо алардын жоопкерчилигин күчөтүү жагы;

- ишкананын эсебиндеги техникалык базаны мүмкүнчүлүктүн чегинде жакшыртуу боюнча сунушун 2014-жылдын 1-июлуна карата  шаар мэрине берүү;

- текшерүүлөрдүн жүрүшүндө мамлекеттик салык төлөмдөрү боюнча өз убагында тиешелүү эсеп жүргүзбөгөндүгү себептүү ишкананын ири суммадагы кредитордук карызга дуушар болушуна жол бергендиги үчүн башкы эсепчи К. Сатылганованын жана ишкананын өз нугунда иш жүргүзүүсүн жолго койбогон башка кызматкерлердин жоопкерчилигин кароо милдеттендирилсин.

4.  Токтомду расмий түрдө жарыялоо жагы Өзгөн шаардык Кеңешинин аппарат кызматкерлерине милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңешинин  «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы жана      экономика боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага:

А.Насиров