ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык Кеңешинин (Vчакырылышынын) кезектеги XIII сессиясынын отурумунун
2014-жылы 26-майы №13/5
Өзгөн шаарынын Ильичевск көчөсүнө эмгектин ардагери маркум Иминов Абдураимдин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Өзгөн шаардык Кеңешинин (V чакырылышынын) кезектеги XIII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген Өзгөн шаарынын Ильичевск көчөсүнө маркум Иминов Абдураимдин ыйгаруу жөнүндө Кумлик кварталынын жашоочуларынын кайрылуусун жана «Мыйзамдуулук, уюштуруу-укуктук, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Т. Исмаиловтун маалыматын угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын Ильичевск көчөсүнүн аты өзгөртүрүлүп эмгектин ардагери, маркум Иминов Абдураимдин ысымы ыйгарылсын.
2. Өзгөн шаарынын шааркуруу жана архитектура башкармасынын башчысы А. Жолдошовко шаардын картасына керектелүүчү өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы шаардык Кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык Кеңешинин (V чакырылышынын) «Мыйзамдуулук, уюштуруу-укуктук, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | А.Насиров |