Редакцияот 24.07.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара – Суу районунун Отуз – Адыр айылдык кеңешинин кезектеги

XIV-сессиясы (4 - шайланган)

2013-жылы 24-июлу №7

«Отуз-Адыр айылдык аймагында 1,2,3 группадагы

обьекттер боюнча жер жана мүлк салыктарын

киргизүү жөнүндө».

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында салык кодексин ишке киргизүү жөнүндө» аттуу Мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык 2014-жылдын 1-январынан Отуз-Адыр айылдык аймагында 1,2,3 группадагы обьекттер боюнча жер жана мүлк салыктарын киргизүү максатында айылдык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2014-жылдын 1-январынан Отуз-Адыр айылдык аймагында 1,2,3 группадагы обьекттер боюнча жер жана мүлк салыктары киргизилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө тапшырылсын (Базибай уулу Асанбек).

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин (Э. Ташматов).

 

Отуз-Адыр айылдык

Кеңешинин төрагасы:

 

О.Айдаров