Редакцияот 20.09.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

Кадамжай шаардык Кеңешинин I-чакырылышынын кезексиз  XI - сессиясы

2013-жылдын 20-сентябры №11/2

Кадамжай шаарынын бала бакчаларында балдардын тарбиясына берилүүчү ата-энелердин салымын бекитүү жөнүндө.

Кадамжай шаардык Кеңешинин социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М. Маликовдун жана балдар бакчаларынын башчыларынын маалыматтарын үчүн талкуулап чыгып КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-июлундагы № 478 токтомунун негизинде Кадамжай шаардык Кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Кадамжай шаарындагы балдар бакчаларында балдардын тарбиясына төлөнүүчү ата-энелер салымы төмөнкүчө бекитилсин: 3 жашка чейинки балдарга күнүнө 13 сом өлчөмүндө, 3 жаштан 7 жашка чейин күнүнө 18 өлчөмүндө.

2. Кадамжай шаарындагы балдар бакчаларынын башчыларына КР «Билим берүү» жана КР Өкмөтүнүн «Мектепке чейинки балдардын санитардык нормалары» жөнүндөгү мыйзамын аткаруу жагы милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин каржы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага:

Т.Камбаров