Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 6-сентябры №10/2
Кадамжай шаардык мэриясынын
жергиликтүү бюджетинин 2013-жылдын экинчи жарым жылдыгына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө
Кадамжай шаардык мэриясынын жергиликтүү бюджетинин 2013-жылдын экинчи жарым жылдыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы М. Жумаматовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кадамжай шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаардык мэриясынын 2013-жылдын экинчи жарым жылдык бюджетине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин (тиркеме тиркелет).
2. Бекитилген бюджеттин киреше жана чыгыша бөлүмдөрүн максаттуу пайдалануу жагы Кадамжай мэриясынын каржы – экономика бөлүмүнүн башчысы М. Жумаматовко милдеттендирилсин.
3. Кадамжай шаардык мэриясынын 2013-жылдын экинчи жарым жылдыгынын бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө уруксат берүү жагы Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинин Кадамжай аймактык бөлүмүнөн суралсын.
4. Токтомдун аткаруу жагы Кадамжай шаардык Кеңешинин пландоо жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э. Ураимовко жүктөлсүн.
Төрага: | Т.М.Камбаров |