Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 27-майы №2
«Шаардык мэриянын “2014-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетке өзгөртүү жана толуктоо киргизүү” тууралуу кайрылуусу жөнүндө».
«Шаардык мэриянын “2014-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетке өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө” кайрылуусу тууралуу шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Кулуевдин маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXVI- чакырылышынын кезексиз 18 - cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Шаардык мэриянын 27.05.2014-жылдагы “2014-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетке өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө” №03-1/654 кайрылуусу тууралуу шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Кулуевдин маалыматы эске алынсын.
2. Таш-Көмүр шаарынын 2014-жылдагы бекитилген бюджетинин киреше бөлүгүнүн көлөмү айыл чарбасына багытталбаган жерлерди сатуудан түшкөн каражаттын эсебинен 558 310 (беш жүз элүү сегиз мин үч жүз он) сомго жогорулатылып, өзгөртүү киргизилсин.
3. Шаардык муниципалдык менчик департаментинин бюджетинде каралган “Транспорт сатып алууга” бөлүнгөн 1350,0 мин сом алынып, Таш-Көмүр шаарынын 2014-жылдагы бекитилген бюджетинин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизилип, төмөндөгүлөргө бөлүштүрүлсүн:
· №7 “К.Кузембаев” атындагы гимназия класстары бар орто мектебинин түзүлгөн долбоордун түрткү берүүчү гранттын өздүк салымы үчүн жергиликтүү бюджеттен шаардык билим берүү бөлүмү аркылуу - 500,0 мин сом бөлүнүп берилсин;
· Шаардык жалпы билим берүү мекемелеринен “МерсиКо” уюумуна өткөн долбоорлордун өздүк салымы үчүн жергиликтүү бюджеттен шаардык билим берүү бөлүмү аркылуу–1 358 310 сом бөлүнүп берилсин;
· “Түндүк” аймактык башкармалыгынын аймагында жайгашкан “Мишутка” бала бакчасына эмеректерди сатып берүү үчүн жергиликтүү бюджеттен шаардык билим берүү бөлүмү аркылуу – 50,0 мин сом бөлүнүп берилсин.
4. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
5. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин алдындагы «Экономика жана бюджет» маселеси боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Кулуев) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин төрагасы: |
Кулдышев М.С. |