Редакцияот 16.08.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин кезектеги  5 сессиясы

2013-жылдын 16-августу №5

Социалдык  акыйкаттуулукка  жетүү

үчүн ак ниет башкарууну илгерилетүү

алкагында сунушталган  долбоорлор

жөнүндө

Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн калкка кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу жөнүндөгү өнүгүү планында белгиленген Жаңы –Ачы айылынын балдар бакчасынын айланасына темир тосмо жана ойноо аятчасы, ошондой эле Жашасын-1 айылынын ички көчөлөрүнө таза суу системасын тартуу жана Кара-Көл айылындагы ТОСко компьютер жана инвентарь алуу долбоорлорун карап, талкуулап  Кызыл-Туу айылдык кеңеш

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Ачы айылындагы балдар бакчасы темир тосмо жана ойноо аятчасы, Жашасын -1 айылындагы  ички көчөлөргө таза суу системасын тартуу жана Кара-Көл айылындагы ТОСко ички эмеректер жана компьюютер алуу долбоорлору колдого алынсын

2. Токтомдогу долбоорлор калкка кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу жөнүндөгү онүгүү планында эң башкы муктаждык болуп белгиленген . Жогорудагы долбоордун суммасына жараша жамааттын  жана айыл өкмөттүн салымдары аркылуу долбоорду колдоо, ишке ашыруу жагы айыл өкмөт башчысы А Асановго жана айылдардын жумушчу топторуна милдеттендирилсин

 

Кызыл-Туу айылдык

Кенешинин төрайымы:

 

Т.Наримбетова