Редакцияот 25.02.14
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2014-жылдын 25-февралы №46

Жайыт комитетинин 2014-жылга карата

жайыт колдонуучулардын мал башына

төлөм акыларын жана бюджетин

бекитүү жөнүндө

Нурманбет айыл кеңешинин кезектеги сессиясында Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын негизинде жайыт колдонуучулардын мал башына төлөмдөрүнүн, жайыт комитетинин төрагасынын жана бухгалтеринин эмгек акысын бекитүүсүн талкуулап Нурманбет айыл өкмөтү

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Жайыт комитети сунуштаган мал башына төлөмдөр төмөндөгү өлчөмдө бекитилсин:

Ири мүйүздүү бодо мал башына -80 сом

Жылкы башына -80 сом

Тай, торпок башына -55 сом

Кой, эчки башына -15 сом

Жайыт комитетинин төрагасынын айлык акысы -3500 сом

Жайыт комитетинин бухгалтеринин акысы -2800 сом

Эмгек акылары 1-марттан 31-августка чейин 6 айга эсептелсин

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлүндө айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча комиссиясына жүктөлсүн.

 

Нурманбет айылдык кеңештин төрагасы:

А.Мусакеев