КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014–жылдын 16–майы №18/58
Кызыл–Кыя шаарынын Ак–Булак айылындагы аты жок жаңы көчөгө эмгектин ардагери Айдаралынын ысмын ыйгаруу жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесине негиз, шаардык кеңештин укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин жана шаардын “Караван” аймактык башкармалыгынын 2014–жылдын 29–апрелиндеги чыгуу №121 кайрылуу катын эске алып, Ак–Булак айылында туулуп көзү өтүп кеткен эмгектин ардагери Орозали уулу Айдаралынын басып өткөн жолун жаш муундарга өрнөк катары көрсөтүү, анын ысмын түбөлүккө эскерүү максатында Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаарынын Ак–Булак айылындагы Ак–Булак көчөсүнөн бөлүнүп чыккан жаштар жашаган аты жок жаңы көчөгө эмгектин ардагери Айдаралынын ысмы ыйгарылсын.
2. Кызыл–Кыя шаарынын Ак–Булак айылындагы Ак–Булак көчөсүнөн бөлүнүп чыккан жаштар жашаган аты жок жаңы көчөгө эмгектин ардагери Айдаралынын ысмын ыйгарууга байланышкан чыгымдар Айдаралынын жакын туугандарынын жана жаңы көчөнүн жашоочуларынын эсебинен жүргүзүлсүн.
3. Кызыл–Кыя шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына, шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик каттоо кызматынын калкты каттоо департаментине караштуу Баткен областынын Кызы-Кыя шаардык паспорт – виза жана каттоо иштер бөлүмүнө жана шаардын муниципалдык менчик департаментине юридикалык жана физикалык тараптар менен иш жүргүзүүдө шаардык кеңештин ушул токтомуна ылайык жүргүзүү жагы тапшырылсын.
4. Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына эки айлык мөөнөттө Кызыл–Кыя шаарынын жана шаарга караштуу айылдардын аймагындагы жок жаңы көчөлөргө, конуштарга ат коюу, атуулдардын ысымдарын ыйгаруу, аты бар көчөлөрдүн, конуштардын аттарын өзгөртүп жаңы аттарды коюу, атуулдардын ысымдарын ыйгаруу боюнча жобону иштеп чыгып, шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна алып чыгуу жагы тапшырылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин төрагасы: |
А.Маткалыков |