Загрузка документа…
БЕЛОВОДСК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 23-октябры №68
“Беловодск айыл округунун аймагындажер салыгын жана мүлккө болгон салыгын
киргизүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Салык Кодексинин” 31 беренесинин 3 бөлүгүнүн жана Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин ишке ашыруу жөнүндө” 2008-жылдын 17-октябрындагы Мыйзамынын 3 беренесинин 3 бөлүгүнүн негизинде, Беловодск айыл кеңешинин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Беловодск айыл округунун аймагында 2014-жылдын 01-январынан баштап кийинки салыктар ишке ашырылсын:
- мүлккө болгон салык;
- жер салык.
2. Бул токтомдун 1 п. көрсөтүлгөн салыктардын тескөө-башкаруусу Кыргыз Республиканын Салык кодексине ылайык аткарылат.
3. Бул токтомду каттап жана Кыргыз Республикасынын Юстиция Министирлигине Мамлекеттик ченемдик актылардын реестрине киргизүүгө жиберилсин.
4. Токтом жарыяланган учурдан баштап күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Беловодск айыл өкмөтүнүн башчынын орун басары Б.Ж. Кононовго жүктөлсүн.
Беловодск айыл округунун кеңешинин төрагасы: |
О.Чекирбаев |