Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 29-апрели №14-2
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу К.Надиров жана Т.Бекиев атындагы орто мектептеринин эски имараттарын аукциондо сатуу жөнүндө.
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик обьектилерин куруу жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси С.Бойдоновдун билдирүүсүндө Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу К.Надиров атындагы жана Т.Бекиев атындагы орто мектептеринин эскилиги жетип, 2011-жылдагы жер титирөөдөн жабыркап жараксыз абалга болуп калгандыгына байланыштуу, МЧСтин корутундусунун негизинде башка жакка жаны мектеп имараты салынып, ал эми эски мектептин ордуна бала бакча салуу үчүн эски имаратты аукцион аркылуу сатуу жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын айылдык Кеёешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу К.Надиров атындагы жана Т.Бекиев атындагы орто мектептеринин эскилиги жеткен имараттарын аукцион аркылуу сатылсын.
2. Сатуудан түшкөн акча каражаты жергиликтүү бюджетке төгүлсүн.
3. Кириш болгон акча каражатын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Зулпуевке жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов айылдык Кенештин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча комиссиясына жана транспорт, курулуш, өнөр-жай, кайра иштетүү жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Ажибаев |