Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014- жылдын 12-апрели №13-8
Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин директору М.Шамшиеваны Жогорку Кенештин «Ардак грамотасына» көрсөтүү жөнүндө.
Ноокат районуна караштуу Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектептин директору Шамшиева Майрам Жанибековнаны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин “Ардак грамотасына” талапкерлиги каралып, Ж.Бөкөнбаев айындагы орто мектептин профсоюздук чогулушунда колдоого алынган 2014-жылдын 4-апрелиндеги № 3 токтомун угуп жана талкуулап депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин директору Шамшиева Майрам Жанибековнанын көп жылдык үзүрлүү эмгегин эске алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеёешинин “Ардак грамотасына” талапкерлиги колдоого алынсын.
2. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү тарабынан Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин директору Шамшиева Майрам Жанибековнаны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеёешинин “Ардак грамотасына” көрсөтүү боюнча Ноокат райондук мамлекеттик администрациясына сунуш кат берилсин.
3. Токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин социалдык, маданий билим берүү, спорт, миграция,туризм, жаштар жана саламаттыкты сактоо боюнча комиссиясына жана А.Ажибаевке милдеттендирилсин.
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Ажибаев |