Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 12-апрели №13-7
Ички арыктардын бойлорундагы бак дарактарды кыюу жөнүндө.
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу “Ходжа-Арык” СПАсынын жетекчиси М.Алайчиевдин билдирүүсүн айыл-чарба, суу, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясында каралып, такталгандыгын жана киргизилген сунуштардын негизинде түзүлгөндүгүн эске алып депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы дыйкандар пайдалануучу ички арыктардын бойлорундагы бак-дарактарды кыюуга руксат берилсин.
2. Борбордук жолдун четиндеги жогорку чыналуудагы электр чубалгыларына тийип калган бак-дарактардын бутактарын кыюуга руксат берилсин.
3. Ички каналдар жана ички арыктардын бойлоруна 4 (төрт) метрге чейин бак-дарак олтургузууга тыюу салынсын.
4. Ички арыктардын бойлорундагы бак-дарактарды кыйдыруу СПАнын жетекчиси М.Алайчиевке милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл-чарба , суу , жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин төрагасы: |
А.Ажибаев |