Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014- жылдын 12-апрели №13-6
Баглан орто мектебинин филиалынын, Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектептин көмөкчү чарбасындагы жана Ж.Амираев атындагы маданият үйүнүн алдындагы каарып, кургап калган бак-дарактарды кыюу жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Баглан орто мектебинин директору С.Жолдошованын жана Бөкөнбаев атындагы орто мектептин директору М.Шамшиеванын, Ж.Амираев атындагы маданият үйүнүн директору С.Макышованын билдирүүлөрү айыл-чарба, суу, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясында каралып, такталгандыгын жана киргизилген сунуштардын негизинде Т.Кулатов айылдык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баглан орто мектебинин филиалындагы жана Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектептин көмөкчү чарбасындагы, Ж.Амираев атындагы маданият үйүнүн алдындагы каарып, кургап калган бак-дарактар алынып, ордуна жаёыларын отургузууга уруксат берилсин.
2. Кургап калган бак-дарактарды кыйдырып, ордуна жанысын олтургузуу мектептин директорлору С.Жолдошовага, М.Шамшиевага жана С.Макышовага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл-чарба , суу , жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин төрагасы: |
А.Ажибаев |