Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014- жылдын 12-апрели №13-4
Кыргыз Республикасынын Мамалекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Ноокат райондук бөлүмдүн административдик имаратын капиталдык ремонтуна жана кошумча чарбалык курулуштурды жасоого акча бөлүп берүү жүнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө 2014-жылдын 11-апрелинде № 03.609 сандуу катында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Ноокат райондук бөлүмдүн административдик имаратын капиталдык ремонтуна жана кошумча чарбалык курулуштарды жасоо үчүн сураган акча каражатын айылдык Кенештин бюджет, экономика, соода ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясында карап, такталгандыгын жана киргизилген сунуштардын негизинде түзүлгөндүгүн эске алып Т.Кулатов айылдык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Нооокат райондук бөлүмдүн административдик имаратын капиталдык ремонтуна жана кошумча чарбалык курулуштарды жасоосуна жергиликтүү бюджеттин кошумча түшкөн каражаттарынан 150 000 ( бир жүз элүү мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылыш көзөмөлдөө жагы бюджет,экономика, соода ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3. Акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Зулпуевке милдеттендирилсин.
Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин төрагасы: |
А.Ажибаев |