Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014- жылдын 12-апрели №13-3
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдарда эгиндерге, үлүштүк жерлерге түшкөн малдардын ээлерине салынуучу штрафты белгилөө жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Булак, Баглан, Таш-Булак айылдарынын айыл башчысы К.Маткаримовдун билдирүүсүн айыл-чарба, суу, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясында каралып, такталгандыгын жана киргизилген сунуштардын негизинде түзүлгөндүгүн эске алып Т.Кулатов айылдык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагындагы эгиндерге, үлүштүк жерлерге түшкөн малдардын ээлерине ар бир жылкыга 3000 (үч мин), уйга 2000 (эки мин), эшектерге 1000 (бир мин), майда малга 300 (үч жүз) сомдон штраф салуу бекитилсин.
2. Токтомду ар бир айылда тааныштыруу жагы айыл өкмөттүн, айыл башчыларына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл-чарба, суу, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин төрагасы: |
А.Ажибаев |