Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014- жылдын 5-марты №12-3
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндөгү “Ходжа-Арык” суу пайдалануучулар ассоциациясынын 2013-жылда аткарган иштери боюнча жылдык отчету жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндөгү “Ходжа-Арык” суу пайдалануучулар ассоциациясынын жетекчисинин 2013-жылда аткарган иштери боюнча жылдык отчетун угуп жана талкуулап депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн суу пайдалануучулар ассоциациясынын жетекчисинин 2013-жылда аткарган иштери боюнча жылдык отчету өткөрүлгөн элдик жыйындын протоколуна негиз, алымча кошумчасы менен канаатандырылсын.
2. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү боюнча таза суу пайдалануучуларга төмөнкүдөй наркта сугат сууга көрсөткөн кызмат акы үлүштүк 1 (бир) сотых жер аянтына 6 (алты) сомдон, ал эми тамаркага 1 (бир) сотых жер аянтына 10 (он) сомдон тариф бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеёештин “айыл-чарба, суу, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясына жана Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жетекчиси Н.Мадимаровко жүктөлсүн.
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин төрагасы: |
А.Ажибаев |