Редакцияот 24.09.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ

ТОКТОМ

 

Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин V чакырылышынын  кезектеги  VII-сессиясы

2013-жылдын 24-сентябры № 7/6

Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык  Кенешинин  ченемдик укуктук  актылырын  мамлекеттик  тилде  кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы №184 токтому менен бекитилген  жергиликтүү өз  алдынча башкаруунун   өкүлчүлүктү органдарынын ченемдик  укуктук актыларын  каттоонун тартиби жөнүндө типтүү жобонун  негизинде айылдык  Кенештин  ченем  укук   актыларын мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кенешинин жооптуу катчыларынын милдетин  аткаруучу  жетектөөчу  адиси А.Эсенамановдун  маалыматын угуп  жана  талкуулап Талаа-Булак  айыл аймагынын   айылдык  Кенеши

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

1. Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык  Кенешинин  ченем  укуктук  актыларын  мамлекеттик  тилде  кабыл  алынсын.

2. Бул  токтом   ченем  укуктук  актыларынын  каттоосуна  жиберилсин.

3. Токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы  айылдык  Кенешинин  төрагасы  Н.Керимкуловго  тапшырылсын.

 

Төрага:

Н.Керимкулов