Загрузка документа…
КУМ-ДѲБѲ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 11-февралы № 10/5
Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүндө
түзүлгөн “Жол картасын” бекитип, кароо жөнүндө
“2014-2017- жылдардын мезгилинде Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын” негизинде, Кум-Дөбө айыл өкмөтү боюнча 2014-2017- жылдарына өнүктүрүүнүн “Жол картасы” жөнүндө айыл өкмөт башчысы С.Убалиевдин маалыматын, Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары угуп жана талкуулап, Кум-Дөбө айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы С.Убалиевдин түзүлгөн “Жол картасы” бекитилсин.
2. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу айылдарда түзүлгөн “Жол картасы” боюнча аткарылган иштерин көзөмөлгө алуу айыл өкмөтүнүн башчысы С.Убалиевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Депутаттардын Кум-Дѳбѳ айыл аймагынын айылдык кеңешинин тѳрайымы: |
А.Тургуналиева |