Загрузка документа…
КУМ-ДѲБѲ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 11-февралы № 10/5-1
Шамшы айылынын 10-март 2014-жылдагы жалпы элдик
жыйынынын № 2 протоколунун токтомун бекитүү жөнүндө.
Депутаттардын V-чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешине, Шамшы айылынын айыл башчысы Э.Мааткалымовдун 2014-жылдын 10-март күнү жалпы элдик жыйынынын протоколу менен тааныштырылып, айылдык кеңештин депутаттары угуп жана талкуулап, Кум-Дөбө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Шамшы айылындагы китепканага, Шамшы айылынын жалпы элдик жыйынынын протоколу канааттандырылып, “Шамшы айылынын Бактыбек Максүтов атындагы китепканасы” деп аталсын.
2. “Шамшы айылынын Бактыбек Максүтов атындагы китепканасы” деп жазылган тактаны илдирип, орнотуу жагы Шамшы айылынын айыл башчысы Э.Мааткалымовго тапшырылсын.
3. Бул токтоду Нарын облустук Юстиция башкармалыгынан өткөрүп, бекитүү жагы суралсын.
Депутаттардын Кум-Дѳбѳ айыл айымагынын айылдык кенешинин тѳрайымы: |
А.Тургуналиева |