Загрузка документа…
КУМ-ДѲБѲ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 13-марты № 11/2
Кум-Дөбө айылындагы “Түндүк Ак- Таш” короо
участогундагы “Барит” кенин казууга уруксаат
берүү жөнүндө.
Депутаттардын У- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кенешинин депутаттарын угуп жана талкуулап, Кум-Дөбө айылдык кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Тоо-кендерин өндүрүү компаниясы” “Сан -Хэ” ЖКЧсынын 6-март 2014-жылдагы № 21 кепилдик милдеттенмесинин негизинде жана жалпы элдин төмөндөгү суроо талаптарын аткарууну;
а). Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагынан жумушчу-механизаторлорду жана шофёрлорду тоо-кендерге иштей алган техникалары менен жумушка алууну.
б). Түндүк суусунун экологиялык тазалыгын сактабай жана жумуш менен байланышып соолуп калса, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопко тартылат.
в). Жардам катары Кум-Дөбө айыл өкмөтүнө эки трансформатор берүү.
г). Талды-Булак суу системасын ремонттоого жардам берүү.
д). Кара-Булуң участогуна суу чыгаруу.
Ушул суроо-талаптарын аткаруу менен Түндүк участкасындагы 1.7 га жердеги
“Барит” кенин иштетүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомду аткаруу жана юридикалык жактан көзөмөл кылуу жагы Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы С.Убалиевге милдеттендирилсин.
Депутаттардын Кум-Дѳбѳ айыл аймагынын айылдык кеңешинин тѳрайымы: |
А.Тургуналиева |