Редакцияот 18.02.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин V чакырылышынын  кезектеги  VIII-сессиясы

2014-жылдын 18-февралы № 8/6

Талаа-Булак айылдык аймагындагы   Талаа-Булак  айыл  Окмотунун

2013 жылдын  атайын  каражаттарды  эсебин  аткаруудагы 2014-жылдын 

башында бош  калган   каражатынын эсебинен айыл

өкмөттүн ички  чыгымдарын жабуу жөнүндө.

Талаа-Булак  айыл  аймагынын   айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы  М.Исраилованын   маалыматтын  угуп  жана талкуулап төмөндөгүлөрдү  белгилейт Кыргыз Республикасынын «Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын  31- беренесине  жана « Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» мыйзамынын  49- беренесине  ылайык  Талаа-Булак  айыл  аймагынын  айылдык    Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Талаа-Булак  айыл аймагынын  айыл өкмөтүнүн 2013- жылдагы атайын  каражаттар эсебин аткарууда, 2014-жылдын башында бош калган акча  каражаттарды, томонкү статьяларга  кошумча чыгымдоо жагы бекитилип берилсин .

   Мамлекеттик  кызматка

   1. 22154900 Ар кандай  каражат учун        29903,45

   Баары     29903,45

   Бала-Бакчага

   1. 22181100    Тамак-аш  каражатына          39190

   2. 22154900  Ар кандай  каражат  учун      138500

   Баары:     177690

   Жалпысы  :207593,45

2. Кошумча бөлүнүп берилген айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсепкорундагы бош калган  акча  каражаттарын  максатка  ылайык чыгымдоо жагы Талаа-Булак  айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы  экономикалык бөлүмүнүн  башчысы  М.Исраиловага  милдеттендирилсин.

 

Тѳрага:

Н.Керимкулов