Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 12-апрели № 9/4
Жайыт комитетинин төрт түлүк малды жайлоого көчүп конуусун уюштурууда жүргүзүп жаткан иштери, жайыт пайдалануу үчүн акы толоонун акысы жөнүндө
Жайыт комитетинин төрт түлүк малды жайлоого көчүп конуусун уюштурууда жүргүзүп жаткан иштери, жайыт пайдалануу учун акы толоонун акысы жөнүндө жайыт комитеттин төрагасы Т.Шаршеналиевдин маалыматын угуп жана талкулап талкулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун 4-пункутчасынын негизинде Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Талаа-Булак айыл аймагынын Жайыт комитетинин төрт түлүк малды жайлоого көчүп конуусун уюштурууда жүргүзүп жаткан иштеринде кемчиликтер орун алгандыгы белгиленсин.
2. Жайыт комитетинин 2014-жылга карата сунушталган Жайыт пайдалануу учун акы төлөөнун акысы
Уй-топос- бир баш учун 50сом.
Торпок-бир баш учун 35сом
Жылкы-бир баш учун 50сом.
Кой-эчки-бир баш учун 10сом өлчөмүндө бекитилсин.
Сырттан келген малга эки эсе жайыт налогу төлөнүлөрүү белгиленсин.
3. Талаа-Булак айыл аймагындагы төрт түлүк малды жайлоого көчүп конуусун 1-майга чейин уюштуруу иштери жүргүзүлсүн.
4. Талаа-Булак айыл аймагындагы жайлоолордон эрте түшүп келип эгин талааларга кирген малдардан жана эгин талаалар чабылып бүтмөйүнчө 10-октябрга чейин көчүп келген мал ээлерине жана көчүрүп келген техника ээлерине
1.жылкы ( башына): 200 сом
2.уй (башына): 200 сом
3.кой (башына) 25 сом
1.Көчүрүп келген техника ээсине : 5000сом
2. Өз убагында көчүп кетпеген жана
эрте көчүп келген мал ээсине,
ар бир күнүнө : 1000 сом өлчөмүндө айып белгиленсин.
3. Талаа-Булак айыл аймагынын Жайыт комитетине пайдаланылуучу жайыт участогтору учун жер салыгын жыйноо жана келип тушкон каражаттарды жергиликтуу бюджетке багытто милдети жуктолсун.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика,бюджет жана салык, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин
Тѳрага: | Н.Керимкулов |