Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 12-апрели № 9/6
Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү боюнча 2014-жылга тазалык жыйындан жеңилдиктерди берүү жөнүндө
Талаа-Булак айыл аймагынын Дөң-Алыш,Комсомол айылдарында жашаган социалдык жактан коргоого муктаж ,оокаты начар, багаар көрөөрү жок, жалгыз бой,кары-картаң болгон түтүн ээлерин тазалык жыйындан бошотуу жөнүндө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси А.Джумабаеванын сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун 4-пункутчасынын негизинде Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛЫТ:
1. Талаа-Булак айыл аймагы боюнча социалдык жактан коргоого муктаж оокаты начар, багаар көрөөрү жок, жалгыз бой,кары-картаң аттуулдардын тизмесине ылайык 93 түтүнгө 2014-жылга пландалып жаткан тазалык жыйынынан бошотулсун.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага: | Н.Керимкулов |