Редакцияот 29.01.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кенешинин 

V чакырылышынын кезексиз XII сессиясы

2014-жылдын 29-январы № 12/4

Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн аймагындагы Сөӊ-Көл

 жайлоосундагы Сары-Коо участкасынан

кен байлыктарды изилдөөгө комиссиянын

мүчөлүгүнө  көргөзүү жөнүндө

Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн аймагындагы Сөӊ-Көл жайлоосундагы Сары-Коо участкасынын кен байлыктарын изилдөө боюнча өтө турган аукционго комиссиянын мүчөлүгүнө көргөзүү  боюнча Кара-Тоо айылынын депутаттарынын сунуштарын угуп  жана талкуулап Семиз-Бел айылдык Кеӊеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн аймагындагы Сөӊ-Көл жайлоосундагы Сары-Коо участкасынын кен байлыктарын изилдөө боюнча  өтө турган аукционго  комиссиянын мүчөлүгүнө айылдык Кеӊештин төрагасы Букамбаев Медет сунушталсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеӊештин депутаттарына тапшырылсын.

 

Кеңештин тѳрагасы:

М.Букамбаев