Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 29-апрели № 14/12
Семиз-Бел айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу
Чекилдек айылындагы бала бакчасын грант
менен капиталдык ремонттон ѳткѳрүү жѳнүндѳ
Семиз-Бел айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Чекилдек айылындагы бала бакчасын капиталдык ремонттон ѳткѳрүү боюнча грант менен, 3300,0 миң сом (үч миллион үч жүз миң)сом капиталдык ремонттон ѳткѳрүү жѳнүндѳгү билдирүүнү угуп жана талкуулап Семиз-Бел айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ѳздүк салым үчүн 5 пайыздык 165000( бир жүз алтымыш беш миң) сом айыл ѳкмѳтүнүн эсебинен нак акчалай түрүндө «Семиз-Бел айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Чекилдек айылындагы бала бакчанын имаратын капиталдык ремонттон ѳткѳрүү» долбооруна каражат берүү жагы ФЭБ башчысы А.Касымовага милдеттендирилсин..
2. Пайыздык 165000( жүз алтымыш беш миң)сомду жумушчу күчүнүн эсебинен ашар жолу менен уюштуруп берүү жагы Чекилдек айыл башчысы К.Карабаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Семиз-Бел айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Э.Моңкоевге жүктѳлсүн
Айылдык кеңештин тѳрагасы: | М.Букамбаев |