Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 29-апрели № 14/10
Семиз-Бел айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу айылдардан кум,
таш, топурак алуу жана таштанды тѳгүү үчүн
жер бөлүп берүү жѳнүндѳ
Семиз-Бел айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу айылдардан кум, таш, топурак алуу жана таштанды төгүү үчүн элдердин муктаждыгын эске алып «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-статьясына ылайык Семиз-Бел айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
I. Семиз-Бел айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу айылдарында таштанды төгүп жана кум, таш алууга жер жерлерде тѳмѳндѳгу жер участоктору бекитилип берилсин.
1. Кара-Тоо айылы боюнча: топурак, шагыл алуу үчүн Доңуз, Ууру-Короо, Кѳк-Талаа, участогунан карьер берилсин жана таштанды тѳгүү үчүн Автодромдун күн батышындагы эски карьердин орду:
2. Арсы айылы боюнча: шагыл таш алуу үчүн Ак-Таш участогуна жана Арсы айылынын түштүк тарабындагы саздын жеринен, таштанды төгүү үчүн эске кампанын түштүгүндѳгү карьердин орду:
3. Чекилдек айылы боюнча: топурак шагыл алуу үчүн Кызыл-Жар, Кыя участкасынан, таштанды төгүү үчүн Айгыр-Жал участкасында эски карьердин орду:
4. Семиз-Бел айылы боюнча: кум, шагыл, топурак алуу үчүн Сары-Чат участкасынын, Чү суусунун жээгинен, таштанды төгүү үчүн Кыя участкасынын эски карьердин орду:
Жогоруда кѳрсѳтүлгѳн жер участокторун тактап, пайдаланууга бѳлүнүп берилсин.
II. Бөлүнүп берилген жер участокторун картанын негизинде айыл башчыларына тактап өткөрүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси С.Сыдыгалиевге милдеттендирилсин.
III. Өткөрүп берилген карьерди жана таштанды төгүү үчүн жер участокторун ирээттүү пайдалануусун көзөмөлгө алуу айыл башчыларына милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин тѳрагасы: | М.Букамбаев |